Аталган курс кыргыз тилин эне тили катары окутуунун негизги стратегиясы, урунттуу приоритеттүү багыттарын аныктайт, студенттерге эне тилинин каражаттары аркылуу билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүү маселелерин чечүүгө багытталат, ошону менен бирге, кыргыз тилин окутуунун өзөктүү курсун белгилейт. Негизинен, аталган предмет боюнча окуу программасын иштеп чыгуунун мазмунун, өлчөмүн жана өзөгүн аныктап берет жана ага негиз болуп кызмат кылат

Тилдин лексикалык байлыгын, аларды колдонуу үчүн зарыл болгон грамматикалык түзүлүшүн, сөздүн тике, кыйыр, өтмө маанилерин, омоним, синоним, антоним, фразеологизмдерди, орфографиялык, орфоэпиялык, пунктуациялык эрежелерди өздөштүрүү менен фонетикалык өзгөчөлүктөрдү кеп ишмердүүлүгүндө орундуу, туура колдонууга жетишүү. о.э кесиптик тексттер менен бирге көркөм тексттер аркылуу сабакты бышыктоо. Вербалдык байланыш менен сөз байлыгын өстүрүү. Студенттердин тилдик бирдиктерди толук таанып билүүлөрүн, аларды тандоо, алмаштыруу көндүмдѳрүн калыптандыруу.Улуттук адабиятты өздөштүрүүдө бүгүнкү күнгө чейинки адабий, маданий мурастарды түшүнүп, аны азыркы дүйнөлүк адабий баалуулуктар менен салыштырып, баалай билүүгө жана көркөм сөз берметтерин сактоого, байытууга машыктырат. Өз алдынча, чыгармачылык менен иштѳѳлѳрүнѳ багыттап, Кыргызстандагы жашаган бардык элдердин ортосундагы достуктун, биримдиктин карым-катнаш каражаты катары улуттук тил жана адабияттын жалпы адамзаттык баалуулуктарды башкаларга жеткире билүүгө үндөйт.