Кыргыз тили жана адабияты боюнча практикалык сабакта тилдин грамматикалык түзүлүшүн, тилдик каражаттарды, орфографиялык, орфоэпиялык, пунктуациялык эрежелерди өздөштүрүү менен фонетикалык өзгөчөлүктөрдү кеп ишмердүүлүгүндө орундуу, туура колдонууга жана студенттердин компенттенттүүлүгүн жогорулатууга жетишүү максатында тилдик-грамматикалык материалдарга кеңири орун берилди. Ошону менен катар кыргыз адабий чыгармаларынын жана кеп маданиятынын булактарын колдонуу менен сөз өстүрүүгө көңүл бурулат.